"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК филиалынын Ысык-Көл электр тармактар ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кеңешме өттү. Жыйынга ишкананын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Чогулуштун катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү бөлүгүндө жазык мыйзамдарына олуттуу өзгөртүүлөр жеткиликтүү формада түшүндүрүлдү.
Иш-чаранын максаты:
Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу.
Коррупция менен байланышкан терс процесстерден жана көрүнүштөрдөн ишкананын жана кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу болуп саналат.