«КУЭТ» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасында кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу мезгил-мезгили менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат, себеби кадрларды даярдоо персоналдык иштин артыкчылыктуу багыты болуп саналат, анткени керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жана өндүрүштүк тапшырмаларды аткаруунун натыйжалуулугу түздөн-түз персоналдын кесиптик деңгээлинен көз каранды. Ишкана тарабынан 2025-жылга 215 кызматкердин квалификациясын жогорулатууну пландаштырылды.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында 61 кызматкер жүк көтөрүүчү машиналарды коопсуз эксплуатациялоого жана жүктөрдү ташууга жооптуу инженердик-техникалык кызматкерлердин курстарын бүтүргөн.
Курстун программасына ылайык, теориядан тышкары, жеринде баруу менен практикалык сабактар өткөрүлдү. Ошондой эле адистер автокран менен иштөөдө коопсуздук чараларын сактоого үйрөтүштү.
Окутуунун негизги максаты – ар бир кызматкердин коопсуздугун жана жүктөрдүн кыймылын камсыздоо, ошондой эле кандай гана кырдаал болбосун техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоо болуп саналат.