Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда 2024-жылдын башынан бери 13831 акылдуу эсептегич орнотулду

22 Ноябрь 2024 ж.

“КУЭТ” ААКнын филилалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында акылдуу эсептегичтерди  (Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотулду.

 Ысык-Көл облусу боюнча   2024-жылдын башынан бери 13831 кардарга акылдуу эсептегич орнотулду. Анын ичинен Туп району боюнча акылдуу эсептегичтерди орнотуу 96 пайызга аяктап, 12590 кардарга акылдуу эсептегич орнотулду.

Эскерте кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун 1 этабынын алкагында 2022-жылы 19690 акылдуу эсептегич орнотулса, 2023-жылы 17704 эсептегич орнотулган.

Бүгүнкү күндө “КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактары ишканасы  129944 кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат. Анын ичинен    57273 кардар акылдуу эсептегич колдонот.   2025-жылдын аягына чейин облустагы баардык кардарларды акылдуу эсептегичтер менен камсыздоо пландалууда.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен абоненттерди тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу,   аралыктан өчүрүү жана күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209

Вотсап: +996 556 00 1209