Ысык-Көл облусунда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
18 Март 2025 ж.
Балыкчы шаарында калкка электр тармагында болуп жаткан өзөрүүлөр, тарифтик баалар тууралуу маалымат берилди. Анда 2025–2030-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын энергетика секторунда олуттуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү камтыган орто мөөнөттүү тарифтик саясат долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, калк үчүн тарифтер этап-этабы менен көтөрүлүп, 2025-жылы 700 кВт/саатка чейинки керектөө үчүн тариф 1сом 37 тыйынды түзөт. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 26 тыйынга жогору. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Керимов Насипбек билдирди.
Маалыматка ылайык, электр энергиясы тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири – жабдуулардын эскириши. Мисалы, 110 кВдук көмөк чордондордун эскириши акыркы беш жылда 8,76 %га өскөн. Ошондой эле, керектөөчүлөрдүн саны да туруктуу өсүүдө. Алсак, 2014-жылдан 2024-жылга чейин 312 миңден ашык жаңы керектөөчү кошулган.
Энергетика тармагындагы чыгымдар кирешеден ашып түшкөндүктөн, жыл сайын бюджеттен субсидия бөлүнүп келген. 2024-жылы бул сумма 8,9 миллиард сомго жеткен. Эсептөөлөр боюнча бул каражатка 52 мектеп же 42 бала бакча, же болбосо 179 чакырым жол курууга болмок экенин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Укук колдоо бөлүмүнүн башчысы Адамбеков Аскар маалымдады.
Мындан ары тарифтерди көтөрүү менен сектордун өз алдынча каржылануусуна шарт түзүлөрү күтүлүүдө. 2026-жылдан баштап тарифтерди инфляциянын деңгээлине жараша жөнгө салуу пландалууда.
Салыштырмалуу маалыматтарда Кыргызстандагы тарифтер аймактагы башка өлкөлөргө караганда кыйла төмөн бойдон калууда. Мисалы, Өзбекстанда калк 1 кВт/саат үчүн орто эсеп менен 6 сом 4 тыйындан төлөсө, Кыргызстанда бул көрсөткүч 1сом 25 тыйынды түзөт.
Жаңы тарифтик саясат аркылуу энергетика системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жана мамлекеттин бюджетине болгон жүктү азайтуу максат кылынууда.
Ушундай эле жолугушуулар Чолпон -Ата, Каракол шаарларында жана Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда жүргүзүлмөкчү.