Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда энергетика объектилеринин күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилүүдө

7 Октябрь 2024 ж.

Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын  2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгын атайын түзүлгөн комиссия текшерүүдө.

Комиссия мүчөлөрү  бекитилген программага ылайык күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча пландаштырылган иш-чаралардын сапатын, көлөмүн жана өз убагында аткарылышын баалашууда. Бул иш-чаралардын ичине капиталдык курулуш пландарын аткаруу, энергетикалык объекттердин, имараттардын, курулуштардын, автоунааларын ондоо иштерин текшерүү кирет.

Ошондой эле бардык бөлүмдөрдүн жана кызматтардын мобилизациялык даярдыгын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын болушун жана аткарылышын текшерип, аба температурасынын кескин төмөндөшү, муз тоңуу, катуу шамал сыяктуу күтүлгөн аба-ырайынын шарттарында иштин ыкчам жана ишенимдүү аткарылышы талап кылынган башка бир катар пункттарды карап чыгышат.

Комиссиянын курамына КР Энергетика министрлигинин, Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматынын жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле «‎Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын техникалык кызматтарынын жетекчилери жана адистери кирген.