Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери улантылууда

1 Февраль 2024 ж.

Ысык-Көл облусунда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун экинчи этабы ишке кирип  Балыкчы шаарында,  Түп жана Ак-Суу  райондорунда кардарларга электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын(акылдуу эсептегичтер) орнотуу иштери жүрүүдө.

Учурда долбоордун экинчи этабынын алкагында 8000 ден ашык акылдуу эсептегичтер келип, алардын  5703ү  орнотулду. Анын ичинен Түп районуна 3487, Балыкчы шаарына 1100, Ак-Суу районуна 1116 даана.

Мындан сырткары жыл аягына чейин Ысык-Көл облусунун баардык райондорунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери жигердүү журөт.

Акылдуу эсептегичтер

  • реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
  • электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоого жардам берет;
  • эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;
  • чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
  • дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;

Энергетика тармагындагы мындай жаңылануу кадамдары эң алгач сарамжалдуулукту жана үнөмдөөнү камсыздап, кардарларды тейлөөнүн сапатын  жогорулатууга  багытталган.