Ысык-Көл облусунда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун экинчи этабы ишке кирип Балыкчы шаарында, Түп жана Ак-Суу райондорунда кардарларга электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын(акылдуу эсептегичтер) орнотуу иштери жүрүүдө.
Учурда долбоордун экинчи этабынын алкагында 8000 ден ашык акылдуу эсептегичтер келип, алардын 5703ү орнотулду. Анын ичинен Түп районуна 3487, Балыкчы шаарына 1100, Ак-Суу районуна 1116 даана.
Мындан сырткары жыл аягына чейин Ысык-Көл облусунун баардык райондорунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери жигердүү журөт.
Акылдуу эсептегичтер
Энергетика тармагындагы мындай жаңылануу кадамдары эң алгач сарамжалдуулукту жана үнөмдөөнү камсыздап, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.