Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда күз-кыш айларына даярдануу иштери кызуу жүрүүдө

29 Июль 2024 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактарыны күз-кыш айларына даярдануу жана кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү  максатында 2024-жылдын алты айында  6/10/0,4 кВ    чыңалуудагы 152 көмөк чордонду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 898 көмөк чордондо утурумдук   оңдоо иштерин жүргүзүштү.  

Ошондой эле   10/0,4 кВ чыңалуудагы   200 чакырымдан ашык аба чубалгылары   капиталдык ремонттон өтүп,     1126 чакырым аба чубалгылары утурумдук ремонттон өттү.                                       

Мындан сырткары  Ысык-Көл электр тармактарынын трансформатордуу оңдоо цехинин кызматкерлери  жылдын башынан бери 48 трансформаторду толугу менен оңдоодон өткөрүп, алардын  10 тоннага жакын майын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Жылдын аягына чейин дагы 72 трансформатор капиталдык оңдоодон өтүп, алардын 30 тоннага жакын майы тазаланат.

Келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүп жаткандыктан  абоненттерди техникалык тейлөөгө жана пландуу ремонттук иштерге байланыштуу  электр энергиясын өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында http://ipes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209

Вотсап: +996 556 00 1209

Жогорудагы иштердин баары электр жарыгы  менен камсыздоонун сапатын жакшыртат.