Ысык-Көл облусунда 2386 чакырым аба чубалгылары оңдоодон өткөрүлөт
7 Февраль 2025 ж.
"КУЭТ" ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасы өз керектөөчүлөрүн ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн жана 2025-2026 жылдарынын күз-кыш айларына даярдануу максатында 2386 км 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдойт.
Ошондой эле, 2025-жылы Ысык-Көл электр тармактар ишканасы 283 трансформаторлорду капиталдык оңдоодон өткөрөт жана 1598 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондорду кезектеги оңдоодон өткөрөт.
Мындан тышкары, кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Ысык-Көл облусу боюнча 18 көмөк чордон орнотулат. Анын ичинен Түп жана Чолпон-Ата РЭТтерине төрттөн, Ак-Суу, Каракол жана Тоң РЭТтерине экиден, Жети-Өгүз РЭТине үч жана Балыкчы РЭТине бир көмөк чордон бөлүштурүлдү.
Ошону менен бирге авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн 720 чакырым аба чубалгылары бак-дарактардын бутактарынан тазаланат. Бак-дарактардын бутактары көбүнчө катуу шамал жана ным кар сыяктуу табигый кырсыктар учурунда аба чубалгыларына кулап, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратат. Өсүп кеткен бутактарды кыркуу аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында электр зымдарынын үзүлүшүн жана авариялык кырдаалдардын келип чыгышын алдын алат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209