“КУЭТ” ААКтын филиалы- Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы облус боюнча 35-220кВ 61 көмөк чордонду тейлейт. Алар тарабынан 2025-жылга көмөк чордондордун кубаттуулугун 42 МВА жогорулатуу пландалууда. Ашыкча жүктөө менен иштеп келген “Пржевальск” көмөк чордонунда 25 МВА күчтүк трансформатор 40 МВА күчтүк трансформаторго, “Покровка” көмөк чордонунда 10 МВА күчтүк трансформатор 25 МВА күчтүк трансформаторго, “Южная” жана “Жети-Өгүз” көмөк чордондорунда 2 даана кубаттуулугу 10 МВА күч трансформаторлорун кубаттуулугу 16 МВА болгон күч трансформаторлоруна алмаштырылат.
Ошондой эле көмөк чордон кызматы 10-35-220кВ көмөк чордондорунда 461даана электр жабдууларын капиталдык оңдоодон жана 4995 даана электр жабдыктарын техникалык тейлөөдөн өткөрүшөт.
Мындан сырткары 110-35-10кВ көмөк чордондорунда 1970-жылдары орнотулган, эскилиги жетип, эксплуатация мөөнөтүн эки эсе аткарып буткөн өткөргүчтөрдү жаңы заманбап өткөргүчтөргө алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Ошону менен бирге май өчүргүчтөр вакуум жана элегаз өчүргүчтөрүнө алмаштырылат.
Жогоруда аталган иштер күз-кыш мезгилинин ийгиликтүү өтүшүн жана облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.