“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы жалпы узундугу 1326,7 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлейт.
Бул кызмат тарабынан 2025-жылга 6531 даана эскирген дефекттүү изоляторлорду алмаштыруу пландаштырылды. Аба электр чубалгыларын капиталдык оңдоо 100,7 км жана утурумдук оңдоо 1422,5 км пландалды.
Ошондой эле жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 8 жогорку чыңалуудагы тирөөчтө суу ташкынына каршы иш-чараларды жүргүзүүнү пландады. Суу ташкындарына каршы иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун азайтат жана керектөөчүлөрдү электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Белгилей кетсек, 35-110-220 кВ аба электр чубалгылары 1700 метр бийиктиктен башталып, деңиз деңгээлинен 4052 метр бийиктикке чейин бийик тоолуу аймактар аркылуу өтөт. Мындай электр чубалгыларына 110 кВ «Тамга-Кумтөр», 110 кВ «Кумтөр-Кара-Сай», 110 кВ «Кара-Сай - Ак-Шийрак», 110 кВ «Ак-Шийрак – Эңилчек”, 220 кВ «Ысык-Көл-Тамга», 35 кВ «Пржевальск-Джергалан» 35 кВ аба линиясы «Пржевальск-Джергалан филиалы Бошарино» аба чубалгылары кирет. Жогорудагы линиялардын баары жетүүгө кыйын жерлерден өтөт.
По всем вопросам электроснабжения обращаться в колл-центр :
️Колл-центр: 105; 1209; +996 772 001 209; +996 702 001 209
WhatsApp: +996 556 001 209