“КУЭТ” ААКнын филилалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында акылдуу эсептегичтерди (Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотуу иштерин улантууда.
Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2025-жылы 55923 акылдуу эсептегичтерди орнотуу пландалып, анын ичинен Жети-Өгүз РЭТине 17600, Балыкыч РЭТине 6700, Ак-Суу РЭТине 10700, Каракол РЭТине 2223, Чолпон-Ата РЭТине 8100 жана Тоң РЭТине 10600даана акылдуу эсептегичтер бөлүштүрүлөт.
Бүгүнкү күндө ишканага 5000 акылдуу эсептегич келип түшүп, орнотуу иштери башталды.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы Ысык-Көл электр тармагы ишкнасы боюнча 15091 кардарга акылдуу эсептегич орнотулду.Анын ичинен12590 даана Түп районуна орнотулду.
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен абоненттерди тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу жана керектөөчүлөрдү кийинки күйгүзүү менен аралыктан өчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209