Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда 17000 акылдуу эсептегичтер орнотулат

8 Июль 2024 ж.

“КУЭТ” ААКнын филилалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында акылдуу эсептегичтерди  (Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотуу иштерин улантууда.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2024-жылы 17000 акылдуу эсептегичтерди орнотуу пландалып,  Түп РЭТине 14089, Балыкыч РЭТине 1571, Ак-Суу РЭТине 1340 бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө  облус боюнча 11890 акылдуу эсептегич орнотулуп бүттү.

Эскерте кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун 1 этабынын алкагында 2022-жылы 19690 акылдуу эсептегич орнотулса, 2023-жылы 17704 эсептегич орнотулган.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен абоненттерди тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу жана керектөөчүлөрдү кийинки күйгүзүү менен аралыктан өчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Энергетика тармагындагы мындай жаңылануу кадамдары эң алгач сарамжалдуулукту жана үнөмдөөнү камсыздап, кардарларды тейлөөнүн сапатын  жогорулатууга  багытталган.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209                                                          

Beeline: +996 772 00 1209

MegaCom: +996 556 00 1209

O! : +996 702 00 1209