Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда 6829 эскирген форфор изоляторлор жаңы айнек изоляторлорго алмашылат

7 Июнь 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 1964-жылдары орнотулуп,  эскилиги жеткен фарфор изоляторлорун  жаңы айнек изоляторлоруна алмаштырууда. Жалпы 2024-жылга 6829 изолятор алмаштыруу пландалса, бүгүнкү күндө 1623 аткарылды.

Мындан сырткары 2024-жылы  90,4 чакырым жогорку чыңалуудагы 35-110-220кВ аба чубалгылары капиталдык оңдоодон, ал эми 1433 чакырым электр зымдары техникалык тейлөөдөн өтөт. Учурда 269 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Ошондой эле жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 7 жогорку чыңалуудагы тирөөчтө суу ташкынына каршы иш-чараларды жүргүзөт. Анын ичинен 4 тирөөчтө бул иш чаралар аткарылды.Суу ташкындарына каршы иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун азайтат жана керектөөчүлөрдү электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.   Суу ташкындарына даярдыктар жергиликтүү бийлик менен жана  өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу органдары менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт.

Убагында  планга ылайык ремонт иштерин жүргүзүү максатында тирөөчтөргө кирме жолдорду оңдоо 26,4 чакырым пландалып, учурда 17,7 чакырым аткарылып бүттү.

Жогоруда көрсөтүлгөн  иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.