Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда 2024-жылдын башынан бери 2624 эскирген форфор изоляторлор жаңы айнек изоляторлорго алмашылды

9 Август 2024 ж.

Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 2024-жылдын 6 айында  1964-жылдары орнотулуп,  эскилиги жеткен 2624 фарфор изоляторлорун  жаңы айнек изоляторлоруна алмаштырышты. Эскирген  дефекттүү изоляторлорду алмаштыруу иштери дагы да улантыла бермекчи жана жалпы 2024-жылга 6829 изолятор алмаштырылат.

Мындан сырткары ушул жылдын башынан бери   846 чакырым жогорку чыңалуудагы 35-110-220кВ аба чубалгылары утурумдук  оңдоодон өттү.Жылдын аягына чейин дагы 587 чакырым аба чубалгылары утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.

Ошондой эле жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 2024-жылы 9 жогорку чыңалуудагы тирөөчтө суу ташкынына каршы иш-чараларды жүргүздү.  Сентябрь айында дагы 2 жогорку чыңалуудагы тирөөчтө иштер жүргүзүлөт .Суу ташкындарына каршы иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун азайтат жана керектөөчүлөрдү электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.   Суу ташкындарына даярдыктар жергиликтүү бийлик менен жана  өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу органдары менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт.

Убагында  планга ылайык ремонт иштерин жүргүзүү максатында тирөөчтөргө кирме жолдорду оңдоо 2024-жылга 26,4 чакырым пландалып, учурда 21,9 чакырым аткарылып бүттү.

Ошону менен бирге жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы кыш айларында  болт-контакттуу байланыштарды ысытпоо үчүн учурда текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн  иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында http://ipes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.