Ысык-Көл облусунда 2024-жылы 1200 эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашат

19 Март 2024 ж.

”Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филилалы - Ысык-Көл электр тармактар ишканасында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери башталды.

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт

Бардыгы болуп 2024-жылга 323  трансформатордук көмөкчордондорду,  445 чакырым 0,4/10 кВ  жана 90,3 чакырым 35/11кВ   аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле 58 көмөкчордондун 451 электр жабдуулары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Чолпон-Ата, Ой-тал, Ананьево көмөкчордондорунда өчүргүчтөр алмаштырылат.

Мындан тышкары кошумча 12 трансформаторду орнотуу жана 51,4 чакырым эски алюминий зымдарын СИП зымдарына алмаштыруу пландалууда. Ошондой эле 1200 даана эски жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат.

Ушул тапта Ысык-Көл облусунун ар бир районунда  күз-кыш мезгилине даярдыктар башталды. Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу, абоненттерди электр энергиясынын убактылуу пландуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында https://ipes.nesk.kg/ru/   жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.