Колл - борбор: 105, 1209

Каракол шаарында 300 гө жакын темир бетон мамылары орнотулду

28 Ноябрь 2024 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл ЭТИнин   Каракол  райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2024-жылдын башынан бери 34,9   чакырым электр зымдарын жана 207 даана трансформаторлорун  утурумдук ремонттон өткөрүп,  42  трансформатор жана 44,1 чакырым аба чубалгылары  капиталдык ремонттон өткөрдү.

Мындан сырткары электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында 13,6  чакырым эски алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылып, 244 эскирип, авариялык абалда турган жыгач мамылар темир бетон мамыларга алмашылды.

Керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу  үчүн Каракол шаары боюнча 3 жаны трансформатор орнотулуп, 3,26 чакырым 10кВ аба чубалгылары курулду.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу  60  чакырым  аба  чубалгыларынын трассасын бойлото бак-дарактардын  бутактарын кыюу иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле  Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте үч жаңы конушка 55 темир бетон мамыларын орнотуп, кубаттуулугу 250кВА болгон бир көмөк чордон орнотулду.

Учурда Каракол райондук электр тармактарында пландалган ремонт иштери толугу менен аяктап, ишкана күз-кыш айларына даяр.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз:

Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209

Вотсап: +996 556 00 1209