Колл - борбор: 105, 1209

«КУЭТ» ААКтын филиалы- Ысык-Көл электр тармактар ишканасында директорлор кеңешинин көчмө жыйыны өттү

27 Сентябрь 2024 ж.

27-сентябрь, 2024-жылы «КУЭТ» ААКнын Ысык-Көл филиалында директорлор кеңешинин төрагасы Турдубаев Атантай Доолотович, директорлор кеңешинин мүчөлөрү Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович, Баймуратов Алымбек Дүйшекеевич, «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча  орун басары Абылаев Аскат Муратович  жана Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жетекчилери  жана кызматкерлери катышкан көчмө жыйын болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

1. Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдын 7 айынын жыйынтыгы тууралуу;

2. Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын 2024-2025-жылга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу;

3. Электр энергиясынын сатуу бөлүмүнүн жана капиталдык курулуш ишмердүүлүгүнүн отчеттору угулду.

Жыйында ишкананын жетекчилери аткарылган иштер жана 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле акча каражаттарын чогултуу, дебитордук карыздарды өндүрүү жана жоготууларды азайтуу  тууралуу маселелер талкууланып,  «КУЭТ» ААКтын  директорлор кеңеши Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин суроолоруна жооп  беришти.

Ошондой эле көчмө жыйындын алкагында  «КУЭТ» ААКнын директорлор кеңеши  25-26-сентябрь күндөр аралыгындагы иш-сапарынын негизинде Ысык-Көл электр тармактарынын Балыкчы, Түп, Чолпон-Ата, Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз  жана Каракол РЭТтеринде жыйын өтүп, дебитордук карыздар, күз-кышка даярдык, РЭТтердин диспетчердик бөлүмдөрүнүн абалы тууралуу маселелер менен таанышып,  тиешелуу чечимдерди кабыл алууну маалымдады.