«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарды, корпоративдик рухту бекемдөө жана кызматкерлердин чыгармачылык талантын ачуу.
Салтанатты ишкананын башкы инженери Кубат Асанакунов ачып, баарын жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден - соолук, иштерине ийгилик жана бакубат жашоо каалады.
Салтанаттын жүрүшүндө жетекчилик жана калыстар тобу ар бир структуралык бөлүм даярдаган номерлери менен таанышып чыкты: улуттук ырлар, бийлер, жана элдик үрп-адаттарды, каада-салттарды көрсөтүү, ошондой эле аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу оюндары болду. Мындан тышкары, элдик тамак-аштар жана суусундуктар менен дасторкон жайылды.
Иш-чаранын соңунда мыкты аткаруучулар жана катышуучулар үчүн атайын дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.