Колл - борбор: 105, 1209

Чолпон-Ата РЭТинде эскирген электр зымдары жаңыланууда

17 Май 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы”  ААКнын филиалы- Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын  Чолпон-Ата РЭТинде  2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдануу иштери кызуу жүрүүдө.  РЭТтин кызматкерлери учурда Чок-Тал айылында  3,6 чакырым 10кВ аба чубалгыларын реконструкциялоодо. Реконструкциянын алкагында эскирген аба чубалгылары жаңыланып, авариялык абалда турган жыгач мамылар жаңы темирбетон мамыларга алмашууда. Бул реконструкция болуп  жаткан аба чубалгылары Чок-Тал, Чырпыкты, Кош-Көл жана Тамчы айылдарын электр жарыгы менен камсыз кылат. Буга чейин бул айылдарда күз-кыш айларында авариялык өчүрүүлөр көп катталып, көйгөй жаратып келген. Эми жаңылоодон кийин бул көйгөй чечилет.

Ошондой эле  Чолпон-Ата РЭТи электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында  Чолпон-Ата шаарына кубаттуулугу 630 кВА жана Темир айылына 25- кВА  көмөк чордон  орнотот.

Мындан сырткары Ысык-Көл району боюнча 2024-жылы 20 чакырым  0,4 кВ эски электр зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылат.

Ошону менен бирге  Чолпон-Ата РЭТинин кызматкерлери  жалпы 2024-жылы 1,8  чакырым жаңы аба чубалгыларын куруп,  12,3 чакырым  электр зымдарын реконсрукциялашат.  

Оңдоо программасынын  негизинде  74 көмөк чордондорду  жана 102 чакырым электр зымдары  капиталдык оңдоодон өтүп,  403 эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылат.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында узундугу  43 чакырым болгон аба чубалгыларынын  боюндагы бутактар тазаланат.

Жогорудагы иштердин бардыгы берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга мүмкүндүк берет.