Колл - борбор: 105, 1209

Ак-Суу районунда 200 дөн ашык темир бетон мамылар орнотулат

7 Март 2025 ж.

«КУЭТ»  ААКтын филиалы-Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын  Ак-Суу РЭТи 2025-жылы 10,9   чакырым  0,4 кВ эскирген  алюминий зымдарын жаңы заманбап СИП зымдарына алмаштырууну жана 16, 6 чакырым 10кВ аба чубалгысын курууну пландоодо. Бул иштердин алкагында райондо 200дөн ашык темир бетон мамылар орнотулат.

Кардарларды сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылуу максатында Кереге-Таш, Отрадное айылдарына  2 комплекттүү 10 кВ трансформатордук көмөкчордондор орнотулат.

Ак-Суу РЭТи тарабынан оңдоо программасынын алкагында 36 чакырым  электр зымдары  жана 35  трансформатор капиталдык оңдоодон, 338 чакырым аба чубалгылары жана 97 трансформатор утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.

Ошондой эле  Ак-Суу  районунда керектөөчүлөрдү электр жарыгы  менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындуулук принциптерин киргизүү максатында 10600 кардарга акылдуу эсептегичтер орнотулат.  Учурда  950даанасы орнотулуп бутту. Жалпы Ак-Суу РЭТ боюнча 11982 кардар бар. Анын ичинен 2299 кардар акылдуу эсептегич колдонулат.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу  238 чакырым аба чубалгыларынын боюндагы бутактарды кыюу пландаштырылууда.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209

Beeline:           +996 772 00 1209

MegaCom:     +996 556 00 1209

O! :                   +996 702 00 1209