Колл - борбор: 105, 1209

Ак-Суу районунда 300 дөн ашык эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашат

24 Май 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКнын филиалы-Ысык-Көл ЭТИнин  Ак-Суу РЭТи 2024-жылдын башынан бери 1162 акылдуу эсептегич орнотту. Алдыда дагы жыл аягына чейин 5000 акылдуу эсептегич орнотулат.

 Кардарларды сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылуу максатында Шахты-Жыргалаң, Жергез айылдарына  2 комплекттүү 10 кВ трансформатордук көмөкчордондор орнотулуп, узундугу 0,8 чакырым  аба чубалгылары курулат.

Оңдоо программасынын алкагында 72 чакырым  электр зымдары  жана 64  трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Ошондой эле  Ак-Суу  району боюнча кубаттуулугу төмөн 6 көмөк чордон кубаттуулугу жогору көмөк чордондорго алмашылат.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу  171 чакырым аба чубалгыларынын боюндагы бутактарды кыюу пландаштырылууда.

Мындан сырткары Ак-Суу РЭТи 2024-жылы 1,5  чакырым 0,4 кВ эски электр зымдарын жаңы заманбап СИП зымдарына алмаштырат жана 300 дөн ашык эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашат.

Күз-кыш айларына даярдануу иштери Ысык-Көл облусунда эрте жазда башталып, учурда кызуу жүрүп жаткан убагы. Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу, абоненттерди электр энергиясынын убактылуу пландуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында  http://ipes.nesk.kg/ru/  жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209

Beeline:           +996 772 00 1209

MegaCom:     +996 556 00 1209

O! :                   +996 702 00 1209