Иштеп жаткан тармактарды реконструкциялоо, эски жыгач мамыларды алмаштыруу, ошондой эле жаңы электр тармактарын капиталдык куруунун көлөмүн көбөйтүү жана керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи быйылкы жылы 1200 даана темир-бетон электр мамыларын чыгарууну пландоодо.
Маалымдама: «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи 2017-жылдан бери Балыкчы райондук электр тармагынын аймагында иштеп келет.
Цехте СВ-110 жана СВ-95 маркасындагы темир-бетон мамылары чыгарылат, эмгек өндүрүмдүүлүгү айына 100 мамы, жылына 1200 мамы. Өндүрүш бардык техникалык мүнөздөмөлөргө толугу менен жооп берет.