Энергетика министрлиги тармакты жанылоого багытталган реформанын алкагындагы аткарылган иштерге өзгөчө көңүл бурууда.
Энергетика объектилерин жаңыртуу программасынын алкагында “КУЭТ” ААКтын филиалы Ысык-Көл элетр тармагы ишканасынын Түп РЭТи Күрмөнтү айылында эскирген жыгач мамыларды жаңы темир бетон мамыларга алмаштырып, эскирген алюминий зымдар ордуна заманбап өзүн-өзү көтөргөн изоляцияланган зымдарын (СИП) тартууда. Жалпы Күрмөнтү айылы боюнча 350 темир бетон мамы орнотулуп, 13 чакырым СИП зымдары тартылат.
Мындан тышкары, 2025-жылдын башынан бери Түп РЭТи төмөнкүдөй техникалык иштерди аткарды:
🔹 14 чакырым аба чубалгыларына капиталдык ремонт жүргүзүлдү;
🔹 14 даана көмөк чордонго капиталдык оңдоо жасалды;
🔹 119 чакырым ВЛ-10/0,4 кВ техникалык тейлөөдөн өттү;
🔹 198 көмөк чордон оңдолду;
🔹 5,7 чакырым СИП зымы тартылды.
Түп РЭТи электр менен камсыздоону жакшыртуу багытында пландуу иштерди улантып, ар бир тургунду туруктуу, коопсуз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга умтулууда.
ЭСКЕРТҮҮ: Техникалык иштер жүрүп жаткан мезгилде убактылуу электр энергиясын өчүрүү мүмкүн. Маалыматтар “Ысык-Көл электр тармактары” ишканасынын расмий сайтында — https://ipes.nesk.kg/ жана “Мой свет” мобилдик тиркемесинде үзгүлтүксүз жарыяланат.
Электр энергиясы боюнча кошумча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү төмөнкү байланыш номерлерине кайрылыңыз:
📞 105
📞 1209
📱 +996 772 001209
📱 +996 556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209