Колл - борбор: 105, 1209

Түп районунун Сары-Тологой айылынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо жакшырат

7 Сентябрь 2023 ж.

Күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү максатында Сары-Тологой айылында 0,4 кВ электр зымдары реконструкцияланып жатат. Реконструкциялоонун алкагында эки эсе кызмат өтөгөн эски жыгач мамылар, 185 даана жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Ошондой эле узундугу 8 чакырымдан ашык өзүн-өзү көтөргөн изоляцияланган зымдар (СИП) монтаждалат.
 
Белгилей кетсек, СИП зымдары терс табигый факторлорго туруктуу келет. Катуу шамаалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна, муздун тоңуп калышына азыраак дуушар болушат.
 
Ушундай эле иштер Түп районунун Балбай, Түп жана Күрмөнтү айылдарында да жүргүзүлөт . Сары-Тологой айылындагы ВЛ-0,4 кө реконструкциялоону бир айдын ичинде аяктоо пландаштырылууда.
 
Жогоруда айтылган иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.