ipes@nesk.kg Колл - борбор: 105, 1209

Түп районунда 37,4 чакырым СИП зымдары тартылып, 449 темир бетон мамылары орнотулду.


10 Октябрь 2023 ж.
Түп районунда “КУЭТ” ААКтын электр тармактарынын обьекттериндеги массалык авариялык өчүрүүлөрдү, технологиялык бузулууларды алдын алуу жана кесепеттерин өз убагында жою боюнча мобилдик бригадалардын машыгуусу аяктады.
 
Машыгуунун алкагында Түп районунда 37, 4 чакырым эски 0,4 кВ алюминий аба чубалгылары жаңы заманбап СИП зымдарына алмаштырылып, 449 темир бетон мамылары орнотулду.
 
Эскерте кетсек, бул иш чарага Чуй, Бишкек жана Ысык-Көл электр тармактарынын мобилдик бригадалары катышып, машыгуу 2октябрда башталып 8 октябрда аяктады.
 
Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жетекчилиги машыгууга катышкан мобилдик бригадаларга ыраазычылык сөздөрүн билдирип, алкыш баракчаларын ыйгарды.
 
Мындай иш-чаралар электр тармактарда мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдарды жоюга даярдыкты текшерүүгө жана баалоого багытталган.

IMG_7555 IMG_7495 IMG_7343 IMG_7483 IMG_7506 IMG_7503 IMG_7499 IMG_7462 IMG_7467