Колл - борбор: 105, 1209

Тоң РЭТи кышка даяр

22 Ноябрь 2023 ж.

Тоң райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2023-жылдын башынан бери 61 чакырым электр зымдарын жана 42 даана трансформаторлорун  ремонттон өткөрдү.

Мындан сырткары капиталдык курулуштун негизинде төрт  айылга кошумча 6 даана көмөк чордон орнотулуп 7,4 чакырым  жаңы электр зымдары курулду.

Кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында 14 чакырым алюминий зымдар, жаны заманбап СИП зымдарына алмашылды.

Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 44, 9 чакырым  аба  чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Реконструкция жумуштары боюнча 3,1 чакырым жаңыланып, жалпы Тоң РЭС боюнча эскилиги жеткен  75 жыгач мамылар  жаңы темир бетон мамыларга алмаштырылды.

Жогоруда аталган иштер кардарларга сапаттуу электр жарыгын берип, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга багытталган.

 Маалымат үчүн: 

 Тоң РЭТи 10766  кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат.  Тейлөө аймагында  980  чакырым электр зымдары жана 344 көмөк чордондор бар.