Колл - борбор: 105, 1209

Тоң районунун Боконбай, Тоң, Кара-Ой жана Эшперов айылдарына жалпы 6 көмөк чордон орнотулду

4 Октябрь 2023 ж.

 Тоң райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2023-жылдын башынан бери 41,8 чакырым электр зымдарын жана 28 даана трансформаторлорун  ремонттон өткөрүп,  эскилиги жеткен  122 жыгач мамыларды  жаңы темир бетон мамыларга алмаштырды.

Мындан сырткары капиталдык курулуштун негизинде төрт  айылга кошумча 6 даана көмөк чордон орнотулуп 7,4 чакырым  жаңы электр зымдары курулду.

Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 22чакырым  аба  чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Учурда Жер-Үй айылында 3,1 чакырым 1960 жылы курулган эски электр зымдарын жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул иштин алкагында эскилиги жетип, авариялык абалда турган мамылар темир бетон мамыларга алмаштырылып жатат. 

Алдыда  Тоң РЭТине бөлүнгөн 20 чакырым СИП зымдарын орнотуу иштери башталат.

Жогоруда аталган иштер кардарларга сапаттуу электр жарыгын берип, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга багытталган.

✅    Тоң РЭТи 10766  кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат.  Тейлөө аймагында  973  чакырым электр зымдары жана 338 көмөк чордондор бар.