Колл - борбор: 105, 1209

Тоң районунда электр тармактары жаңыланып, кышка даярдык иштери жигердүү жүрүүдө

28 Июль 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында «КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын Тоң РЭТинде  жаңылануу жана күз-кыш мезгилине даярдык иштери бекитилген планга ылайык өз убагында жүрүп жатат.

Быйылкы жылы жүргүзүлгөн техникалык иштердин негизги көрсөткүчтөрү төмөнкүлөр:

🔹 82 даана трансформатор жана 26 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү;

🔹 20 трансформатор менен 11 чакырым аба линиясы капиталдык оңдоого алынган;

🔹 Коопсуз жана туруктуу электр энергиясын камсыз кылуу максатында 4,8 чакырым алюминий зымдар заманбап СИП зымдарга алмаштырылган;

🔹 Эскилиги жеткен 156 жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;

🔹 Аба чубалгыларынын  коопсуз иштешин камсыздоо үчүн 44,9 чакырым трасса боюнча бутактарды кыю жана бактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү;

🔹 Мындан тышкары, 5 чакырымга жакын электр линиясы толугу менен реконструкцияланды.

Бул иштердин негизги максаты — Тоң району боюнча электр энергиясын жеткирүүдө үзгүлтүккө жол бербөө, инфраструктураны жаңылоо жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү.

Пландаштырылган өчүрүүлөр тууралуу маалыматтар расмий сайтка https://ipes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат жана “Мой свет” тиркемеси аркылуу кабарланат.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштеген төмөнкү байланыш номерлерине кайрылсаңыз болот: 105;  1209; +996 772 001209; +996 556 001209.

 WhatsApp:+996 702 001209

Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө Тоң РЭТи 10 766 абонентке кызмат көрсөтүп, жалпы 980 чакырым электр зымдарын жана 344 трансформатордук көмөк чордондорду тейлейт.