Колл - борбор: 105, 1209

Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылында эскирген электр зымдары жаңыланууда

14 Октябрь 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Ысык-Көл  электр тармактар ишканасынын курулуш-монтаждоо участогу  кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Жети-Өгүз районунун Жаргылчак  айылында  0,4/10 кВ электр зымдарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Реконструкциянын алкагында 5,1 чакырым 10/0,4 кВ  чакырым эскирген алюминий зымдары жаңыланып, кубаттуулугу  160 кВА трансформатор орнотулду.

Ошону менен бирге 104 авариялык абалдагы эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылды.

Мындан сырткары курулуш-монтаждоо участогунун кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча 22 чакырым  10/0,4 кВ эскирген электр зымдары жаңыланды. Анын ичинен 7 чакырымы СИП зымдарына жаңыланды.

Жаңылоонун алкагында 331 эскирген жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылып, кубаттулуктары 250 кВА болгон 3 трансформатор орнотулду.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтына https://ipes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат жана “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор болсо колл-борборго кайрылыңыздар

Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209

Вотсап: +996 556 00 1209