Колл - борбор: 105, 1209

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлык менен тааныштыруу иш-чара өткөрүлдү

14 Февраль 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлык менен тааныштыруу боюнча иш-чаралар болуп өттү.

Иш-чарада мекеме кызматкерлерине “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөг ү жарлык тааныштырылды. Уңгужолдун негизги багыттары бул үй-бүлө, коом жана мамлекет. Мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу болуп саналат.

2024-жылдын 18-декабрында өлкө башчы С. Жапаров «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Документ өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан идеологиялык негиздерди жана стратегиялык багыттарды камтыйт.

Аталган иш-чара Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын бардык РЭТтеринде өткөрүлдү.

КР Президентинин «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгы