Колл - борбор: 105, 1209

Сиз колдонулган электр энергия үчүн төлөм жүргүздүңүзбү?

15 Январь 2024 ж.

2024-жылдын 16-январында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун филиалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы дебитордук карызы бар кардарларды  дистанциондук түрдө өчүрөт.

Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн ишкана кардарларды керектелген электр энергиясы үчүн өз убагында төлөөгө чакырат.

Абоненттер төлөмдөрдү “Элкарт”, “МБанк”, “ЭЛСОМ”, “О”, “Balance.kg” электрондук капчыктары, “PAY 24”, “Qwickpay”, “UMAI”, “Onoi”, «TeremPay» терминалдары аркылуу төлөй алышат жана Айыл Банк, “Халык Банк”, «Оптима Банк», «Бакай Банк», «Дос-Кредобанк» банктарынын кассаларында төлөм жүргузүүгө болот.

Керектелген электр энергиясы үчүн өз убагында төлөө сиздин үйүңүздөгү ыңгайлуулуктун кепилдиги экенин унутпаңыз.