Колл - борбор: 105, 1209

"КУЭТ" ААКнын филиалы-Ысык-Көл электр тармактар ишканасында Энергетиктердин кесиптик күнү белгиленди

20 Декабрь 2024 ж.

Кыргызстанда  22-декабрда биринчи ГЭСтерди куруу чечими кабыл алынганын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 30-июнундагы №461 токтому негизинде 22-декабрь Энергетиктердин күнү деп белгиленип келет.

Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүү тарыхы 1934-жылдан башталат. Дал ушул  жылы БСБКПнын  Кыргызстан обкому Кыргызстандын энергетика системасын түзүү жөнүндө токтом чыгарган. Энергетикалык системаны түзүүгө ошол кездеги Фрунзе шаарында кичи Алмедин ГЭСи менен эки дизелдик станцияны бириктирүү себеп болгон. Ошондо  Кыргызстандын энергетика системасынын башкаруу пункту түзүлгөн. Бул дата Кыргызстандын энергетика системасынын түптөлүшүнүн башталышы болгон. 

Энергетиктердин кесиптик майрамынын жана 90-жылдык мааркенин урматына “КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасында салтанаттуу иш-чара болуп, ардактуу кызматкерлерге Ардак грамоталар тапшырылды.

“КУЭТ” ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасы бардык энергетиктерди кесиптик майрамы жана 90-жылдык мааракеси менен куттуктайт! Бул күн сиздин жашооңуздагы эң жарык жана эң жылуу күн болсун, анткени сиздерге, энергетиктерге түн ортосунда күн, кыштын ортосунда жылуулук тартуулоо тагдырга жаралган. Ар дайым эмгегиңиздер жогору бааланып , тилектериңиздер жарыктын ылдамдыгы менен орундалып, жүрөгүңүздөр жылуулукка толсун. Майрамыңыздар менен!