Ысык-Көл электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, максатында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин улантууда.
2025-жылы Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 55923 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Анын ичинен:
- Жети-Өгүз РЭТине 15600;
- Балыкыч РЭТине 8700;
- Ак-Суу РЭТине 10700;
- Каракол РЭТине 2223;
-Чолпон-Ата РЭТине 8100;
- Тоң РЭТине 10600 даана акылдуу эсептегичтер орнотулат.
Ал эми 2025-жылдын январь айынан бери облуст боюнча 10333 акылдуу эсептегич орнотулду. Калгандары толугу менен жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт.
Акылдуу эсептегичтер:
Маалыматка ылайык, 2024-жылы Ысык-Көл электр тармагы ишкнасы боюнча 15091 кардарга акылдуу эсептегич орнотулду.Анын ичинен12590 даана Түп районуна орнотулду.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209