Пландуу оңдоо иштери — туруктуу электр камсыздоонун кепилдиги
20 Апрель 2026 ж.
Энергетиктер эрте жаздан тартып кеч күзгө чейин электр жабдууларын пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүзүшөт. Бул — керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган зарыл жана системалуу иш.
Белгилей кетүүчү нерсе, электр жабдууларынын көпчүлүгү өткөн кылымдын 70–80-жылдарында орнотулган. Узак убакыттан бери пайдаланылып келе жатканына карабастан, алар үзгүлтүксүз техникалык тейлөө жана өз убагында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин аркасында иштеп жатат. Мындай иштерсиз энергосистеманын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу мүмкүн эмес.
Пландуу иштерди жүргүзүү убагында электр энергиясы убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн, бул абоненттердин нааразычылыгын жаратат. Бирок мындай чаралар аргасыз жана өтө зарыл. Дал ушул учурда адистер коопсуз шартта эскирген жабдууларды алмаштырып, жаңыртуу жана алдын алуу иштерин жүргүзө алышат.
Пландуу оңдоо иштеринин маанилүүлүгүн түшүнүү керек. Алар авариялык кырдаалдардын алдын алып, күтүлбөгөн өчүрүүлөрдүн санын азайтып, электр энергиясынын туруктуу берилишине шарт түзөт.
Энергетиктер калк үчүн ыңгайсыздыкты азайтуу максатында иштерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аткарууга аракет кылышат. Абоненттердин түшүнүү менен мамиле кылуусу — энергосистеманын туруктуу иштешине чоң салым кошот.