Колл - борбор: 105, 1209

“Үч чоку” долбоорунун курулушун электрификациялоо маселелери каралды

31 Март 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов жана «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Шамил Матаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келишти.

Иш сапардын алкагында алар «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү жана ошондой эле «КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр
тармагы ишканасынын жетекчилиги менен бирге “Үч чоку” долбоорунун курулушун электрификациялоо маселелерин талкуулап, “Үч чоку” долбоору ишке аша турган Ак-Суу районунун Жыргалаң, Ак-Булак и Боз-Учук айылдарына барып, жеринде таанышты.

Натыйжада «Үч чоку» долбоорунун курулушун электрификациялоо боюнча 35/10 көмөк чордонун жана аба чубалгыларын куруу тууралуу бир катар сунуштар каралып, Шахты Жыргалаң айылындагы 35/6 кВ «Жыргалаң» көмөк чордонунун кубаттуулугун жогорулатуу жана 35 кВ Пржевальск – Жыргалаң аба чубалгысын жылдыруу маселелери каралды.

Мындан сырткары энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов жана «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Шамиль Матаев Ысык-Кол электр тармагы ишканасынын жана Ак-Суу райондук электр тармагынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Алар жеринде авариялык запастарды текшерип, акча каражаттарды чогултуу, дебитордук карыздарды өндүрүү жана жоготууларды азайтуу маселелерин талкуулап, Ысык-Көл электр тармагынын кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип, койгойлуу маселелерди чечууго тапшырмалар берилди. Ошону менен бирге күз-кыш айларына даярдануунун маанилүүлүгүн белгилеп, ремонттук компанияны өз убагында жана сапаттуу аткарылышына тапшырма беришти.