Колл - борбор: 105, 1209

Жети-Өгүз районунда 2024-жылы 5,5 чакырым СИП зымдарын орнотулат

11 Май 2024 ж.

 

“Кыргызстан улуттук электр тармагы”  ААКнын филиалы- Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын  Жети-Өгүз РЭТи 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдануу иштеринин алкагында 54 көмөк чордондорду  жана 146 чакырым электр зымдарды  капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Ошондой эле  2024-жылы электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында  жалпы узундугу 5,5 чакырым эскирген алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылат.

Мындан тышкары  Светлая  поляна жана Дархан айылдарына кубаттуулугу 250 кВА  2 көмөкчордондор орнотулат жана Жети-Өгүз району боюнча кубаттуулугу төмөн 4 көмөк чордон кубаттуулугу жогору көмөк чордондорго алмашылат.

Ошону менен бирге  Жети-Өгүз районунда 1,5 чакырым жаңы аба чубалгылары курулуп,  100 дөн ашык эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылат.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында узундугу  267 чакырым болгон аба чубалгыларынын  боюндагы бутактарды кыюу пландаштырылууда.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.