Колл - борбор: 105

Нооруз майрамы шаңдуу белгиленди

19 Март 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага ишкананын жалпы жамааты, ошондой эле облустагы бардык райондук электр тармактарынын кызматкерлери активдүү катышты.

Улуттук баалуулуктарды даңазалаган иш-чара ыр-бий конкурстары, каада-салт көрсөтүүлөрү, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү жана дасторкон жасалгасы боюнча сынактар, ошондой эле улуттук оюндардын кызыктуу таймаштары менен коштолду.

Катышуучулар өз өнөрлөрүн тартуулап, кыргыз элинин бай маданиятын, каада-салтын жана меймандостугун даңазалашты. Ар бир команда өзгөчө даярдык менен чыгып, чыгармачылык демилгелерин көрсөтүүгө аракет кылышты.

Жыйынтыгында мыкты деп табылган командалар аныкталып, аларга тиешелүү сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Мындай иш-чаралар эмгек жамааттын биримдигин бекемдеп, улуттук маданиятты жайылтууга өбөлгө түзүп, кызматкерлерге көтөрүңкү маанай тартуулайт.