КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактарынын релелик коргоо кызматы күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында "Тамга" жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда эскирген коргоочу панелдерди алмаштырууда. Жалпысынан бул көмөк чордондо 8 жаңы заманбап релелик коргоо жана автоматика панелдери алмаштырылат.
Алдыда ушундай эле иштер "Ысык-Көл" жогорку чыңалуудагы көмөк чордондо аткарылат. Ал көмөк чордондо 13 эски коргоочу панель жаңыланат.
“Тамга” көмөк чордону Жети-Өгүз районунун 1546 кардарына электр жарыгын берсе, "Ысык-Көл" көмөк чордону Ысык-Көл облусун толук электр жарыгы менен камсыз кылат.
Релелик коргоо электрдик автоматиканын эң маанилүү түрү болуп саналат, ал энергетикалык системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, энергетикалык жабдуулардын бузулушун алдын алуу же бузулуунун кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл.
Релелик коргоо жана автоматика панелдери жогорку чыңалуудагы электр зымадарынын жана трансформаторлордун кыска туташууларынан, ашыкча жүктөөлөрдөн жана башка туура эмес шарттарынан коргоо үчүн арналган.
Айта кетсек, жаңыланып жаткан 21 коргоочу панелдер “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому тарабынан каржыланган.
Күз-кыш айларына даярдануу иштери Ысык-Көл облусунда эрте жазда башталып, учурда кызуу жүрүп жаткан убагы. Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу, абоненттерди электр энергиясынын убактылуу пландуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.
Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында http://ipes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209
Вотсап: +996 556 00 1209