Колл - борбор: 105, 1209

Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда 4685 электр жабдыктары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү

4 Октябрь 2024 ж.

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы облус  боюнча 35-220кВ  61  көмөк чордонду   тейлейт. Алар тарабынан жылдын башынан бери 47 көмөк чордонунда  397 электр жабдууларын  капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Ошондой эле 35-220кВ 57 көмөк чордондорунда 4685 электр жабдыктарын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

Мындан сырткары  110/10 кВ Ананьево көмөкчордонунда КРУН-10 кВ жана ТСН-10 кВ орнотулду.

Чолпон-Ата,  Ой-Тал, Пржевальск жана Ананьево көмөк чордондорунда  май өчүргүчтөр элегаз  өчүргүчтөрүнө алмаштырылды.

Ошону менен бирге  көмөк чордон кызматы тарабынан 1970-жылдары орнотулган,  эскилиги жетип, эксплуатация мөөнөтүн эки эсе аткарып буткөн өткөргүчтөрдү жаңы заманбап өткөргүчтөргө алмаштыруу иштерин жүргүзүштү.

 Кажы-Сай жана Пржевальск подстанцияларында чыңалуу трансформаторун (трансформатор напряжения) алмаштыруу иштери жүрдү.

Мындан сырткары ашыкча чыңалуудан коргоочу  заманбап электр жабдыктары ортнотулду.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтына https://ipes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат жана “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор болсо колл-борборго кайрылыңыздар

Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209

Вотсап: +996 556 00 1209