Колл - борбор: 105, 1209

Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда 1753 электр жабдыктары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү

26 Июнь 2024 ж.

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт🛠🛠🛠

Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы облус  боюнча 35-220кВ  61  көмөк чордонду   тейлейт. Алар тарабынан жылдын башынан бери 164 электр жабдуулары  капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.Алдыда дагы 287 электр жабдыктарын толугу менен оңдоодон өтөт.

Ошондой эле 35-220кВ 38 көмөк чордондорунда 1753 электр жабдыктарын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

Мындан сырткары  110/10 кВ Ананьево көмөкчордонунда КРУН-10 кВ жана ТСН-10 кВ орнотулду.

Чолпон-Ата көмөк чордонунда май өчүргүчтөр элегаз  өчүргүчтөрүнө алмаштырылды. Мындай иштер дагы Ой-Тал, Пржевальск жана Ананьево көмөк чордондорунда жүрөт.

Ошону менен бирге  көмөк чордон кызматы тарабынан 1970-жылдары орнотулган,  эскилиги жетип, эксплуатация мөөнөтүн эки эсе аткарып буткөн өткөргүчтөрдү жаңы заманбап өткөргүчтөргө алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Учурда Кажы-Сай жана Пржевальск подстанцияларында чыңалуу трансформаторун (трансформатор напряжения) алмаштыруу иштери жүрүп жатат

Мындан сырткары ашыкча чыңалуудан коргоочу  заманбап электр жабдыктары ортнотулуп жатат.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.