Колл - борбор: 105, 1209

Пржевальск жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда электр жабдыктар жаңыланууда

15 Июль 2024 ж.

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт🛠🛠🛠

Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы  110/35/10кВ Пржевальск   көмөк чордонунда 35кВ май өчүргүчтөрүн жаңы заманбап вакумдук өчүргүчтөрүнө алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Эскирген өчүргүчтөр менен бирге ажыраткычтар дагы жаңыланууда.

Эскерте кетсек,  бул май өчүргүчтөр 1982- жылдары орнотулган. Бүгүнкү күндө тейлөө мөөнөтүн аткарып бүтүп, эскилиги жетип, авариялык абалда турган.  

Жаңы заманбап вакумдук өчүргүчтөр жүк астында электр чынжырларын күйгүзүү жана өчүрүү үчүн багытталган жана  чукул туташуудан автоматикалык өчүрүү функциясын аткарат.

Май өчүргүчтөрүнө салыштырмалуу заманбап вакум өчүргүчтөрүн тейлөө бир канча ыңгайлуу жана бир канча чукул туташуудан өчкөндө май алмаштырууга туура келет. Ал эми вакумдук өчүргүчтө мындай көйгөй жок.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында http://ipes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209

Beeline: +996 772 00 1209

MegaCom: +996 556 00 1209

O! : +996 702 00 1209