Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көлдө энергетиктердин кесиптик чеберчилиги боюнча мелдеш башталды

13 Сентябрь 2024 ж.

13-сентябрда Каракол шаарында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдарынын арасында « 0,4-10 кВ бөлүштүүрүчү электр тармактарынын мыкты бригадасы» наамы үчүн таймаш башталды.
 
Мелдеш “КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактарынын полигонунда өтүүдө жана 15 сентябрга чейин созулмакчы. Мелдешке 8 команда катышып, 7 этаптан турган тапшырмаларды актарышат.
 
Иш-чара оңдоо иштеринин сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын текшерүү, ошондой эле 0,4-10 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.
 
Бөлүштүрүүчү тармактарды тейлеген электр монтер аварияларды жоюуга, электр линияларын курууга, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга катышууга милдеттүү. Энергетиктердин кесипкөйлүгү энергетикалык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин жана анын натыйжасында энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун түздөн-түз аныктайт. Мындай сынактарга катышуу чеберчиликти жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жардам берет.
 
Катышуучулар практикалык тапшырмалардын алты түрүн аткарып, коопсуздук чараларын жана электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелерин билүү боюнча бир теориялык экзамен тапшырышы керек. Практикалык милдеттерге жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуу жана биринчи жардам көрсөтүү, шаар тибиндеги комплектүү трансформатордук подстанцияда өрт өчүрүү, изоляцияланбаган зымды алмаштыруу, 10 кВ ажыраткычты тейлөө жана башкалар кирет.