Бүгүн, 12-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКнын филиалы- Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын РЭТтеринин арасында « 0,4-10 кВ бөлүштүүрүчү электр тармактарынын мыкты бригадасы» наамы үчүн таймаш башталды.
Мелдеш 14-июнга чейин созулуп, 4 этаптан турат. Мелдешке 7 команда катышууда.
Иш-чара оңдоо иштеринин сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын текшерүү, ошондой эле 0,4-10 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.
Бөлүштүрүүчү тармактарды тейлеген электр монтер аварияларды жоюуга, электр линияларын курууга, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга катышууга милдеттүү. Энергетиктердин кесипкөйлүгү энергетикалык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин жана анын натыйжасында энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун түздөн-түз аныктайт.
Мындай сынактарга катышуу чеберчиликти жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жардам берет.
Катышуучулар практикалык тапшырмалардын үч түрүн аткарып, коопсуздук чараларын жана электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелерин билүү боюнча бир теориялык экзамен тапшырышы керек. Практикалык милдеттердин бирине жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуу жана биринчи жардам көрсөтүү кирет.