Колл - борбор: 105, 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жамаатына директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча жаңы орун басары тааныштырылды

15 Январь 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жамаатына директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча жаңы орун басары тааныштырылды

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын буйругу менен Омуров Марат Асылбекович «Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын» директорунун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Балыкчы электр тармактар ишканасынын жетекчиси кызматын аркалап келген.

Капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директордун жаңы орун басарын жамаатка “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестиция боюнча орун басары Сыдыгалиев Илгиз Манатбекович тааныштырып, ишине ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалады.