Колл - борбор: 105

Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын объектилерин электр менен камсыздоо иштери уланууда

23 Июль 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасы Кырчын жайлоосунда жайгашкан объектилерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

Бүгүнкү күндө Кырчын жайлоосунда кубаттуулугу 630 кВА болгон беш  комплекттүү трансформатордук көмөк чордон (КТП) жана кубаттуулугу 250 кВА болгон бир КТП орнотулду. Ошондой эле чыңалуусу 10 кВ болгон 0,35 чакырым кабелдик электр берүү линиясы тартылды.

Буга чейин аталган эл аралык иш-чарага даярдык көрүүнүн алкагында жалпы узундугу 94,2 чакырым өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылып, 552 даана темир-бетон мамыча орнотулган.

Мындан тышкары, «Григорьевка» 110/10 кВ көмөк чордонунда чыңалуусу 110 кВ болгон эки заманбап элегаздык өчүргүч орнотулат. Жаңы жабдуулар кыска туташуу болгон учурда автоматтык түрдө өчүрүү функциясына ээ болуп, электр чынжырларын жүктөм алдында кошуу жана өчүрүү үчүн кызмат кылат. Бул электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана энергетикалык системанын коопсуздугун кыйла жогорулатат.

Аткарылып жаткан иштер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын объектилерин үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, ошондой эле Ысык-Көл облусунун энергетикалык инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн мындан ары да жогорулатууга багытталган.