2025-жылдын 20-июнунда, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын актылар залында «Электроэнергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында коомдук угуу болуп өттү.
Иш-чарага Каракол шаардык кеңешинин депутаттары, Каракол шарынын мэриясына караштуу болуштар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борборлорунун өкүлдөрү жана Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрү катышты. Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин долбоорлор боюнча өкүлү Астра Жээналиева акыркы жылдардагы энергетика тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып жатканына токтолуп, алардын бири аталган долбоордун алдында бир топ энергосекторлор жаңыланып, калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздап жатканын белгиледи.
Ошондой эле талкууда бөлүштүрүүчү тармактарды реконструкциялоо жана модернизациялоо, санариптештирүү,социалдык коргоо системаларын чыңдоо жана экологиялыкжактан анализдөө, зыян келтирбөө шарттары боюнча айтылды.
Долбоор энергетика министрлигинин "КУЭТ" ААК тарабынан аткарылууда. Ал 2023-жылы башталып, 2028-жылга чейин уланат.
Урматтуу кардарлар!
Эгерде сиздерде «Электроэнергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу мезгилинде сунуштар жана суроо-талаптар болсо төмөнкү телефон номери жана электрондук почта аркылуу кайрылсаңыздар болот:
@pmo.kgz@gmail.com
+996 771 661 223