Колл - борбор: 105, 1209

«КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасы электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууда: 7 заманбап реклоузер орнотулду

15 Декабрь 2025 ж.

Энергетика министрлиги тармакты жаңылоого багытталган реформанын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөдө. Анын катарында кардарларга туруктуу жана сапаттуу электр энергиясын берүү максатында Ысык-Көл облусунда  жаңы заманбап реклоузерлер орнотулду.

   Жабдуулардын райондор боюнча бөлүштүрүлүшү:

Тон РЭС – 2 реклоузер

Чолпон-Ата РЭС – 3 реклоузер

Түп РЭС – 1 реклоузер

Жети-Өгүз РЭС – 1 реклоузер

Реклоузер деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

Реклоузер – бул 6–35 кВ чейинки бөлүштүрүүчү электр тармактарында колдонулуучу заманбап автоматтык өчүргүч. Ал линияны авариялык токтордон коргойт жана убактылуу бузулуулар болгондо электр энергиясын өз алдынча калыбына келтирет.

📌 Реклоузердин негизги артыкчылыктары:

Авария учурунда автоматтык түрдө өчүрүлүп, кыска убакыттан кийин кайра кошулат.

Убактылуу кыска туташууларда өчүрүүлөрдүн убактысын кыскартат.

Авариялык кырдаалдарда бригадалардын чыгуу санын азайтат.

SCADA системасы аркылуу алыстан башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Реклоузерлердин орнотулушу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат, өчүрүүлөрдүн санын жана узактыгын азайтат жана Ысык-Көл облусунун керектөөчүлөрүн туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.