Колл - борбор: 105, 1209

«КУЭТ» ААКнын Директорлор кеңешинин Ысык-Көл облусуна иш сапары

6 Октябрь 2025 ж.

2025-жылдын 2–4-октябрь күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Директорлор кеңеши «КУЭТ» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасына иш сапары менен келди.

Үч күндүк сапар учурунда Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев жана кеңеш мүчөлөрү Кудайбердиев Ормонбек Бурканович, Маматов Мирбек Абдухамитович облустагы райондук электр тармактарын, негизги көмөк чордондорду кыдырып, күз-кыш мезгилине даярдыкты жеринде текшеришти. Алар авариялык запастарды, жабдуулардын, объектилердин жана административдик мекемелердин абалын текшерип, кызматкерлер менен жолугушуп, суроолоруна жооп беришти.

Мындан тышкары, директорлор кеңеши  «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа комплексинин  курулушунун электрификациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, пландалган иштерди өз убагында аткаруу боюнча тапшырмаларды беришти.

Иш сапардын соңунда жыйын өтүп, анда төмөнкү маселелер каралды:

2025-жылдын 8 айындагы ишкананын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы;

2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык;

Техникалык бөлүмдөрдүн (Көмөк чордондор, Аба чубалгылар, Релелик коргоо) отчету;

Электр энергиясын сатуу жана капиталдык курулуш боюнча отчеттор.

Жыйындын жыйынтыгында төмөнкү негизги милдеттер белгиленди:

күз-кышка даярдыкты өз убагында аяктоо;

электр энергиясынын жоготууларын азайтуу;

жыл аягына чейин «акылдуу» эсептегичтерди толук орнотуу;

капиталдык курулуш боюнча иштерди өз убагында аткаруу.

«Бул милдеттер электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, заманбап технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт. Өз убагында даярдык көрүү – кышкы мезгилде системанын туруктуу иштешинин негизги шарты. Ал эми акылдуу эсептегичтерди орнотуу тармактын ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылат», – деп белгиледи Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев.