Бүгүн Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жамааты менен коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу маселелерине арналган жыйын өттү.
Жыйында ишкананын коммерциялык суроолор боюнча директорунун орун басары Айбек Тобокелов кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзам талаптарын так сактоо жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Жолугушууда кызматкерлердин жеке жоопкерчилигине, иштеги ачык-айкындуулукка, адилеттүүлүккө жана кесиптик этиканы сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Коррупциянын алдын алуу ар бир кызматкерден башталат. Өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мыйзамды сактоо жана таза иштөө — ишенимдүү кызмат көрсөтүүнүн маанилүү шарттары.